Жүк ташуунун көлөмү көбөйдү

Жүк ташуунун көлөмү көбөйдү

Казакстанда жүк ташуу көлөмү өстү. Үстүбуздөгү жылдын үчтүн айы-бирдин  айларында темир жол аркылуу жук ташуу 10 пайызга көбөйүп, 70 миллион тоннадан ашты. Мында транзиттик жүк ташуу 20 пайызга, контейнердик жүк ташуу 12 пайызга өскөн. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жыйынында Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Кайырбек Өскенбаев билдирди. Мекеменин адистери бул тенденция келечекте дагы уланып, корсөткүчтөр кеминде беш эсеге көбөйөт деп болжолдошууда.

Кайырбек Өскенбаев, Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри:

- Быйылкы жылы биздин алдыбызда темир жол менен жүк ташуулардын көлөмүн 420 миллион тоннага, транзиттик ташууларды 24,5 миллион тоннага жана контейнердик транзитти 1 миллион 100 миң жыйырма фут эквивалентине жеткирүү милдети турат. Бүгүнкү күндө транзиттик жүктөрдүн 90%га жакыны темир жол аркылуу ташылат. Жалпысынан өлкөнүн транзиттик-транспорттук дараметин өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрү Күчтүү аймактар ​​– өлкөнүн өнүгүүсүнүн кыймылдаткычтары улуттук долбоорунда аныкталган.

Министрдин айтымында, 2025-жылга чейин транзиттик жүк ташуу көлөмүн 30 миллион тоннага жеткирүү мерчемделип жатат. Алдыга коюлган максатка жетүү үчүн Казакстанда темир жол инфраструктурасы жакшыртылып, кыймылдуу курам жаңыртылат. Муну менен катар альтернативалык каттамдар жана эл аралык коридорлор өнүктүрөт», - деди министр. Ошондой эле, Кайырбек Өскенбаев быйыл «Казакстан темир жо лу» компаниясы 1,5 миң жүк вагонун сатып алууну мерчемдеп жатканын билдирди. Ал эми деңиз жүк ташууларын, анын ичинде Транскаспий эл аралык каттамын көбөйтүүнүн алкагында «Актау деңиз порту» атайын экономикалык аймагынын базасында «контейнердик хаб» түзүлүп, соода флоту жаңы паромдор менен толукталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков