Маңгыстау облусунда жаңы туристтик багыттар өнүктүрүлөт

Маңгыстау облусунда жаңы туристтик багыттар өнүктүрүлөт

Мангыстау облусу жакында эл аралык туристтик борборго айланышы мүмкүн. Казакстандыктар менен катар чет элдик меймандар да Каспийдин жээгинде абдан ыңгайлуу шартта эс ала алышат. Ал үчүн аймактын кайталангыс жаратылышы гана эмес, тарыхый, ыйык жана маданий маанидеги жерлер, археологиялык эстеликтер да бар. Бул максатта 2022-жылы Мангыстауну чет мамлекеттер менен байланыштырган жаңы каттамдар ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу Актау шаарында Жакынкы Чыгыш, Өзбекстан, Орусия, Германия жана Грузиянын эл аралык туроператорлорунун өкүлдөрү менен жолугушууда айтылды.

Али Алхамис, туристик компания башчысы, Кувейт:

- Визасыз режимдин алкагында биз жарандарыбызга Актау шаарына барууну сунуштоого даярбыз. Бүгүнкү күндө биз бул аймактын бет ачаарына баа бердик. Эми аба каттамдарын ачуу мерчемделип жатат. Биз казакстандык авиакомпаниялардын колдоосуна ишенебиз. Ал эми туристтердин агымы канча болоору быйыл жайда белгилүү болот.

Ержан Еркинбаев, Казакстандын Маданият жана спорт  вице-министрі:

- Жалпысынан Мангыстаудагы туристтик сунуштардын ар турдүүлүк абдан сонун. Ошондуктан бул жаатта сунуштарыбыз бар. Коңшу шаарларга жана коңшу мамлекеттерге каттамдардын саны чектелүү экенин көпчүлүк айтышты. Маселен, түркиялык ири туроператорлор Германия менен Актауга түз авиакаттамдарды ачуу маанилүү экенин айтышууда. Иран жарандары үчүн визасыз режимге жетишсек жакшы болмок. Анткени учуу убактысы бир саатка жетпейт. Иран абдан маанилүү рынок.

Которгон: Илгиз Жамалбеков