Казакстанда транспорт тетиктерин чыгарган ишкана ачылат

Казакстанда транспорт тетиктерин чыгарган ишкана ачылат

Казакстанда унаа дөңгөлөктөрүн чыгарган жаңы завод курулушу мүмкүн. Жаңы долбоор өлкөнүн Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги өзбекстандык бизнес өнөктөштөрү менен биринчи Ташкент инвестициялык форумунда талкууланды. Коңшу республика менен унаа жасоо боюнча орто деңгээлдеги биргелешкен долбоорлор бар. Эми тараптар унаа дисктерин жана башка тетиктерин өлкөдө жасоону көздөшүүдө. Белгилей кетсек, форумга Казакстандын бизнес өкүлдөрү да катышты. Иштиктүү жолугушуулардын алкагында алар биргелешкен ишканаларды түзүүгө багытталган ондон ашык келишимдерге кол коюшту.

Кайырбек Өскенбаев, Казакстандын Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министри:

- Биздин мамилебиз абдан жакшы. Ошондуктан биз менен 100гө жакын ишкер келди. Биз Казакстан менен Өзбекстанда бирге жасай турган ишке даярбыз. Ошон үчүн жолугуп, талкуулап жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков