Бизнес-идеяларды ишке ашырууга грант бөлүнөт

Бизнес-идеяларды ишке ашырууга грант бөлүнөт

Түндүк Казакстан облусунда жаңы бизнес-идеяларды ишке ашырууга 650 акысыз грант бөлүнөт. Бул жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Асемгүл Ташметова ишин жаңы баштагандарга мамлекеттик колдоо канчалык маанилүү экенин билет. Бүгүнкү күндө ал жеңилдетилген насыяны пайдаланып, өз цехин ачкан. Келечекте өндүрүштү кеңейтип, Бизнестин жол картасы алкагында грант утуп алууну көздөп жатат.

Асемгүл Ташметова, ишкер:

- «Бастау» программасы боюнча окуумду аяктап, сертификат алып, бизнес план жазып, 6 пайыздык жеңилдик менен насыя алдым.

Ал эми облустун Магжан Жумабаев районунун 400дөн ашуун тургуну мамлекет тарабынан акысыз каржылык колдоо алды. Бул иш Улуттук ишкердикти өнүктүрүү долбоорунун алкагында улантылат. Гранттын көлөмү эки эсеге көбөйтүлүп, 200 АЭКтен 400гө чейин, башкача айтканда, 1 миллион 225 миң теңгеге көтөрүлгөн.

Габит Сактаганов, Магжан Жумабаев районунун иши менен камсыз кылуу борборунун мүдүрү:

- Быйылкы жылы азырынча 46 грант каралган. Мунун саны көбөйүшү мүмкүн. Албетте, анын өзүнүн категориясы бар. Мисалы, 29га толо электерге, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге берилет, мунун катарына аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, даректүү социалдык жардам алган үй-бүлөлөр кирет. Буга кошумча көп балалуу үй-бүлөлөр да бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков