Казакстанда жаңы экономиканы монополиясыздандыруу боюнча комиссия ишин баштады

Казакстанда жаңы экономиканы монополиясыздандыруу боюнча комиссия ишин баштады

Казакстандын өкмөтүнүн алдында Экономиканы монополиядан чыгаруу боюнча комиссия түзүлдү. Анын ишинин алкагында телекоммуникацияларды, темир жол инфраструктурасын, медиа активдерин жана башка тармактардагы негизсиз менчиктештирилген обьектилерди мамлекеттин эсебине алуу маселелери каралат. Биринчи жыйындын жыйынтыгында Премьер-министр Алихан Смаилов Каржы министрлигине ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана «Самрук-Казына» АКсы менен бирдикте бир жумалык мөөнөттө негизсиз менчиктештирилген объекттерди мамлекетке өткөрүү механизмдери боюнча Өкмөткө сунуш киргизүүнү тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков