Казакстан менен Азербайжан транзиттик дараметин күчөтүүдө

Казакстан менен Азербайжан транзиттик дараметин күчөтүүдө

Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутунун дарамети жогорулады. Батыштын Орусияга каршы санкциялары унаа логистикалык системага терс таасирин тийгизгени анык. Ушуга байланыштуу ишкерлер жүк ташуунун жаңы жолдорун жигердүү издей баштады. Казакстан, Азербайжан жана Грузия мамлекеттери биргелешкен ишкана түзүүгө ниеттенүүдө. Бул багыт жүктөрдү ташууну бир топ жеңилдетип, өтмө тарифтер менен жүктөрдү декларациялоого байланышкан бир катар маселелерди чечет. «Азербайжан темир жолу» ушул трансконтиненталдык маршрут аркылуу Казакстандан мазут ташып баштады.

Ильгар Велизаде, «Түштүк Кавказ» саясат таануучулар клубунун башчысы:

- Украинадагы туруксуз кырдаалдан улам бүгүнкү күндө бул каттам Кытай менен Европанын ортосундагы транспортту өнүктүрүү жагынан натыйжалуу. Бул жерде Казакстан менен Азербайжан маанилүү роль ойнойт. Акыркы жылдары бул багыт жаатында фидердик байланыш жигердүү өнүгүп келе жатканын айта кетүү керек. Бул каттамга катышкан кемелердин арасында жакында ишке кирген «Түркестан» паромун айтууга болот. Бул ташылуучу жүк көлөмүнүн артуусуна оң таасирин тийгизери анык.

Учурда аймак өлкөлөрү транзиттик дараметке чоң үмүт артууда. Өткөн жылы Транскаспий багыты боюнча контейнердик ташуулардын көлөмү эки эседен ашык өскөн. 2022-жылдын алгачкы эки айында эле өсүш 15% түздү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков