Казакстан мунай экспортун башка багыттар аркылуу көбөйтөт

Казакстан мунай экспортун башка багыттар аркылуу көбөйтөт

Казакстан мунайды альтернативдүү жолдор менен экспорттоо мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Каспий куур консорциумунун түтүк тутумунун бузулушуна байланыштуу учурда Энергетика министрлиги деңиз терминалын калыбына келтирүү мөөнөтү боюнча консультацияларды жүргүзүүдө.

Николай Горбань, ККК башкы мүдүрү:

- Бул чындыгында өтө татаал иш. Ага суучулдар, көп функционалдуу кеме керек. Бирок эң алгач бизге куурларды жууй турган танкер зарыл. Ансыз жумушту баштоо мүмкүн эмес. Бул маселеге тиешеси бар кесиптештерибизден азыркыга чейин так жооп  жок. Ошондуктан алдыдагы эки суткада танкер күткөн жокпуз. Жалпысынан жүргүзүлүүчү ишке эң аз дегенде 3 апта убакыт кетет.

Эске салсак, Каспий куур консорциумунун куур системасы Казакстандын мунай экспортунун негизги багыты болуп саналат. Аны менен казылып алынган кара алтындын 80 пайызы ата мекендик чийки зат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков