Өкмөт: социалдык маанилүү товарлардын баасы туруктуу болот

Өкмөт: социалдык маанилүү товарлардын баасы туруктуу болот

Социалдык маанидеги товарлардын наркы туруктуу болот. Премьер-министр Алихан Смаилов өкмөт жыйынында азык-түлүктүн баасын чектөөгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Мындан тышкары, министрлер кабинетинин башчысы азыркы шартта ишкердик жигердүүлүктү мындан ары өнүктүрүү үчүн индустриялаштыруу жумуштарын натыйжалуу жүргүзүүнүн, экономикага, өзгөчө чийки заттык эмес секторго ички жана тышкы инвестицияларды тартуу боюнча натыйжалуу иштерди жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Ошол эле учурда, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-Министри:

- Азыркы татаал мезгилде экономиканын өсүшүн мындан ары тездетүү эң маанилүү милдет болуп саналат. Калктын кирешесин көбөйтүү, жумуш орундарын түзүү жана экономиканы диверсификациялоо боюнча иштерди ар тараптандыруу зарыл. Бул үчүн Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, Өкмөт 2022-жылга карата иш-чаралардын программасын ишке ашырууда. Калктын кирешесин жогорулатуу программасы да иштелип чыкты. Мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилерине жана губернаторлоруна бул документтердеги иш-чаралардын сапатын жана натыйжалуу аткарылышын катуу көзөмөлгө алууну тапшырам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков