Азия өнүктүрүү банкы Казакстанда кезектеги гендердик облигацияларды жүгүртүүгө чыгарды

Азия өнүктүрүү банкы Казакстанда кезектеги гендердик облигацияларды жүгүртүүгө чыгарды

Азия өнүктүрүү банкы өлкөдө гендердик облигациялардын экинчи чыгарылышын жайгаштырды. Аларды жүгүртүүгө чыгаруу үчүн каржы институту болжол менен 14 миллиард теңге же 32 миллион доллар тартты. Эске сала кетсек, гендердик облигациялар аялдардын укуктарын кеңейтүүнү колдогон долбоорлорду гана каржылаган туруктуу кирешелүү баалуу кагаздар. Ал «Турак жайды каржылоодо гендердик теңчилик» долбоорунун алкагында ишке ашырылат. Бул «Отбасы» банкынын насыялык операцияларды кеңейтүүгө жана өз кезегинде калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Долбоор биринчи кезекте турак жайга муктаж болгон айыл жергесиндеги аялуу калктын муктаждыктарын канааттандырууга багытталган.

Джонатан Гросвенор, АӨБ казынасынын орун басары:

- Бул программанын максаты – талаптарга ылайык келген 3 миңден ашык аялды камтуу. Башкача айтканда, аларды узак мөөнөттүү жеткиликтүү ипотекалык каржы булагы менен камсыз кылуу. Анын ичинде 60% айыл жеринде, 20% аз камсыз болгон жарандар болууга тийиш. «Отбасы» банкынын бир жылдан кийин бизге кайра кайрылып, мурунку төлөмдөн бир топ көп насыя сураганы долбоордун жакшы өнүгүп жатканынын бирден бир белгиси деп эсептейбиз. Чынында эле, келечекте Азия өнүктүрүү банкынын үчүнчү гендердик облигациясы чыгышы мүмкүн. Мисалы, эгерде инвесторлор ушундай баалуу кагаздарга инвестиция салгысы келсе же карыз алуучу кошумча сумманы алууну кааласа, анын ишке ашуусу мүмкүн деп эсептейбиз.

Жалпысынан Азия өнүктүрүү банкы гендердик теңчилик жаатында гана эмес, билим берүү, саламаттык сактоо, суу ресурстары боюнча жаңы долбоорлорду колдоо максатында 3 миллиард 200 миллион доллардан ашык суммага облигацияларды чыгарган. Джонатан Гросвенордун айтымында, инвесторлор көбүнчө айлана-чөйрөнү коргоого жана социалдык маселелерди чечүүгө багытталган демилгелерди колдоого басым жасашат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков