Казакстандык турбизнес өкүлдөрүнө 15 млрд теңгеге жакын субсидия берилет

Казакстандык турбизнес өкүлдөрүнө 15 млрд теңгеге жакын субсидия берилет

Казакстанда туризмди колдоого канча каражат бөлүндү? Өлкөгө туристтерди кантип тартуу керек? Туристтик бизнес кандай колдоо чараларына таяна алат? Бул суроолорго Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин өкүлдөрү ишкерлер менен болгон жолугушууда жооп беришти. Белгилей кетсек, быйыл жыл башында туризмди колдоо боюнча бир катар иш-чаралар киргизилген.

Айдос Сакенов, Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин туризм индустриясы комитетинин төрагасы:

- Иш-чаралар өлкөнүн жарандарын эс алууга стимулдаштырууга жана чет элдик туризмди өнүктүрүүгө багытталган. Ага санитардык-гигиеналык объектилер, жол боюндагы тейлөө объектилери, транспорт каражаттары кирет.

Аталган жаңычылдыктар жыл башында киргизилгенине карабастан, ишкерлер натыйжалуу мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга ашыкпайт. Мисалы, санитардык-гигиеналык жайларды курууга жана алардын ишин камсыз кылууга, туристтерди ташуу үчүн автобустарды сатып алуу чыгымдарын субсидиялоо каралган. Ошондой эле, чакан жатаканадан баштап чоң мейманканаларга чейин туристтик объектилерди курууга кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн кайтарып берет. Дагы бир айта кетүүчү жагдай, Казакстанда балдардын өлкө боюнча бекер учуусу боюнча кидс гоу фри программасы ишке ашырылууда.

Ерлан Бекмырзаев, Нур-Султан шаары акимчилигинин орун басары:

- Өткөн жылы жана быйыл пандемиядан улам тармакта төмөндөө байкалды. Туризм менен алектенген ишкерлер бир топ зыян тартты. Ошондуктан мамлекет тарабынан колдоо чаралары кабыл алынды. Быйыл Туризм комитети менен биргеликте казак туризмине колдоону көбөйтүүнү караштырып жатабыз.

Казакстанга чет элдик туристтерди көбүрөөк тартуу жана жалпы ата мекендик туризм тармагын колдоо үчүн мамлекет 15 миллиард теңге бөлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков