Энергетика министри: АЭС куруу – дараметтүү чечим

Энергетика министри: АЭС куруу – дараметтүү чечим

Казакстан 2035-жылга чейин өлкөдөгү электр энергиясынын 6%ын атомдук энергияга айлантууну көздөөдө. Бул өлкөнүн энергетикага болгон муктаждыгын толук камсыздайт. Мындай пикирин энергетика министри Болат Акшолаков атайын брифингде билдирди. Анын айтымында, Казакстанда бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Өндүрүлгөн табигый урандын көлөмү боюнча Казакстан дүйнөдө лидер. Анын изотоптуу байытуу боюнча кызматтар жеткиликтүү. Башкача айтканда, Казакстандын өзүндө өзөктүк отун чыгарылат. Улуттук ядролук борбор менен Ядролук физика институтунда үч өзөктүк изилдөө реактору иштейт. Өлкөнүн атомдук өнөр жайында 24 миңге жакын адам эмгектенет. 2010-жылдан бери өзөктүк жана техникалык физика багыттары боюнча 3000ге жакын адис даярдалган. Кошумчалай кетсек, өткөн аптада Орусия менен Казакстандын президенттери бул жаатта Орусиянын ЖОЖдорунда окутуу боюнча меморандумдарга кол коюшкан. Буга байланыштуу министр белгилегендей, бүгүнкү күндө Евробиримдик өзөктүк энергияны «жашыл» технологияга теңөө маселесин карап жатат.

Болат Акшолаков, Казакстандын Энергетика министри:

- Алдыдагы электр энергиясынын жетишсиздигин, глобалдык экологиялык күн тартибине байланыштуу көмүр өндүрүүгө көз карандылыкты азайтуу зарылдыгын, ошондой эле, өндүрүштүк кубаттуулуктун начарлашын, Казакстандын көмүртектүү нейтралдуу программасын кабыл алганын жана атомдук энергетиканы өнүктүрүүдөгү чоң дараметин эске алуу менен биздин оюбузча өлкөдө электр станциясын куруу абдан натыйжалуу жана келечектүү чечим болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков