Казакстан менен Грузия ортосундагы кызматташтык

Казакстан менен Грузия ортосундагы кызматташтык

Казакстан Грузияга мунай өнүмдөрүн, буудай, алюминий, ферроэритмелер жана рельстерди экспорттойт. Ал эми коңшу мамлекеттен чай, жүк жана трамвай вагондору жана башка өнүмдөр алынып келинет. Акыркы 15 жылдын ичинде өз ара сооданын көлөмү 150% өстү. Өткөн жылы эле бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 30%га өскөн. Бул көрсөткүч дагы да өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу Тбилисиде өткөн тегерек столдо айтылды. Ошондой эле, тараптар стратегиялык жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн жана кызматташуу багыттарын кеңейтүүнүн ачкычы болгон саясий туруктуулукту талкуулашты. Казак элчиси грузин элине Казакстандагы кырдаалды турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди жана «үчтүн айындагы окуялар» учурунда көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Бауыржан Мухамеджанов, Казакстандын Грузиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Ушул оор күндөрдө Грузияда Казакстанга уча албай калган 700дөй турист болду. Ошол кезде грузиндер, карапайым адамдар казакстандыктарга жардам колун сунуп, колдоо көрсөттү. Иш жүзүндө эч ким четте калган жок. Ал эми биздин жарандар рейстер калыбына келгенде өлкөгө кайтып келе башташты. Бул дагы бир жолу биздин элдерибиздин ортосунда, Грузия менен Казакстандын ортосунда достук мамилелер болгондугун, бар экендигин жана боло бере тургандыгын көрсөтөт.

Георгий Джахуташвили, Казакстан-Грузия Экономикалык бирикмеси башкармасынын төрагасы:

- 2022-жылы бардык көрсөткүчтөр боюнча өсүш болот деп күтүүдөбүз. Салттуу рынокко тиешеси жок көптөгөн тармактарда иш-чараларды өткөрүүнү мерчемдеп жатабыз, мисалы, мунай ж.б. Маселен, Грузия менен Казакстандын буудайы жана башка өнүмдөрү Грузияга да, Казакстанга да сунуштала элек. Ошондуктан биз минералдык жана алкоголдук суусундуктардан башка Грузиянын өнүмдөрүн экспорттоону каалайбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков