Франция компаниялары Казакстан экономикасына 18 миллиард доллар инвестиция салган

Франция компаниялары Казакстан экономикасына 18 миллиард доллар инвестиция салган

Француз инвесторлоруна Казакстандын жаңы экономикалык саясаты тааныштырылды. Бүгүнкү күндө республикада мамлекеттик капиталдын 170тен ашык ишканасы иш алып барат. Алар казак экономикасына 18 миллиард доллар инвестиция салышты. Жолугушууда чет элдик инвесторлордун капиталы мамлекеттин коргоосунда экени айтылды.

Жан Галиев, Казакстандын Франциядагы элчиси:

- Ири ишканалар үчүн киргизилген жаңы салык саясаты ишканалар менен өкмөткө ачык жана түшүнүктүү болушу керек.

Ги Сидос, Vicat компаниялар тобунун башкы мүдүрү:

- Элчи Галиевдин маалыматы биздин тынчсыздануубузду жойду жана бизнес-климат кандай өнүгүп жатканын баса белгиледи. Административдик процедуралар жөнөкөйлөштүрүлүп, чет элдик инвестициялар корголорун жеткирди. Мунун баары эң сонун, биз бизнес чөйрөнү жакшыртууну чыдамсыздык менен күтөбүз, бул француз компанияларын жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө инвестиция салууга түрткү берет.

Жолугушууда француз компанияларынын жетекчилери Казакстанда ишке ашырууну көздөп жаткан долбоорлору тууралуу кеп курушту. Белгилүү болгондой, инвесторлор жашыл суутекти өндүрүү мүмкүнчүлүгүн карап, ишканалардын экологиялык стандарттарын жакшыртуунун үстүндө иштеп жатышат.

Ив-Луи Даррикарер, Казакстан-Франция ишкер кеңешинин тең төрагасы:

- Казак тарап бизге өзүнүн саясаты тууралуу маалымат берип, талаштуу маселелер боюнча тынчсызданууларыбызды азайтты. Ошондуктан, негизги темадан тышкары, келечектеги долбоорлорду талкуулоого өттүк. Бизде мерчемделген долбоорлор боюнча суроо бар болчу. Алар ишке аша турган болду. Француз инвесторлору дагы эле Казакстан менен өнөктөштүктү улантууга кызыктар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков