Казакстан-Иран: соода көлөмү 440 миллион доллардан ашты

Казакстан-Иран: соода көлөмү 440 миллион доллардан ашты

2021-жылы Казакстан менен Ирандын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 440 миллион доллардан ашкан. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 85%га көп экенин Соода жана интеграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Казакстан келечекте Иран рыногуна экспортту көбөйтүүнү мерчемдеп жатат. Эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрү диалогунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Ишкерлер кеңешин түзүү маселеси да каралууда. Мындан тышкары, казак тарап Казакстан-Түркмөнстан-Иран темир жол каттамында артыкчылыктуу тарифтик шарттарды түзүү жана Казакстан жана Иран порттору аркылуу транзиттик контейнердик ташууларды уюштуруу боюнча мындан аркы биргелешкен аракеттерди көрүүнү сунуштайт. Жалпысынан эки өлкө мындан ары соода-экономика, айыл чарба, билим берүү, IT жана туризм тармагында кызматташууну бекемдөөгө ниеттенүүдө. Жакынкы арада тараптар бул маселелер боюнча кошумча адистик консультацияларды өткөрүүнү көздөп жаткандыгын министрлик кошумчалады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков