Мунай өндүрүү суткасына 400 миң баррелге чейин артат

Мунай өндүрүү суткасына 400 миң баррелге чейин артат

ОПЕК+ өлкөлөрү өндүрүштүн учурдагы деңгээлин ай сайын күнүнө 400 миң баррелге көбөйтөт. Башкача айтканда, мурунку келишим өзгөргөн жок. Бул чечим картелдин мурунку пландарына ылайык, ошондой эле, рыноктун конъюнктурасын жана болжолдоолорду эске алуу менен кабыл алынган. Атап айтканда, Казакстанга квота көбөйдү. Алсак, үчтүн жана бирдин айларында 1,572 жана 1,589 миллион баррелди түздү. Ал эми жалган куран айында 1,605 миллион көрсөтөт. ОПЕК+ уюмунун кезектеги жыйыны жалган куран айынын 2де өтөт. Белгилей кетсек, картелдин чечимдеринин алкагында Brent мунайынын баасы баррелине 90 доллардан ашкан. Бул акыркы 7 жылдагы эң жогорку көрсөткүч экенин адистер белгилешүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков