Чакан жана орто бизнес ижара менен коммуналдык төлөмдөрдөн бошотулат

Чакан жана орто бизнес ижара менен коммуналдык төлөмдөрдөн бошотулат

Алматы акимчилиги тополоңдо жапа чеккен ишкерлерди үч айга коммуналдык төлөмдөрдөн бошотот. Чакан жана орто бизнестин ижара акысы кийинкиге жылдырылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу шаар акими Бакытжан Сагинтаев билдирди. Учурда жеке менчик объектилердин ээлери менен жеңилдиктерди берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Шаар акимчилигинен билдиришкендей, коммуналдык чыгымдар жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Лизинг маселеси келтирилген зыяндын көлөмүнө жараша жекече чечилет.

Калаа жетекчилиги жапа чеккен алматылык дарыгерлер, полиция кызматкерлери жана өрт өчүрүүчүлөр да компенсация алаарын белгиледи.

«Массалык башаламандык кезинде жабыркаган укук коргоо жана медицина кызматкерлерине, өрт өчүрүүчүлөргө компенсация төлөнөт. Оор жаракат алгандар эки миллион теңге, орточо жаракат алгандар бир миллион, жеңил жаракат алгандар беш жүз миң теңге алышат», - деди Бакытжан Сагинтаев.

Алматыда үчтүн айындагы окуядан көз жумгандардын урматына пантеон салынат.

Ошондой эле шаарда үчтүн айындагы окуяда жана тополоңдо курман болгондорду эскерүүгө арналган пантеон курула турганын билдирди.

«Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен жакында үчтүн айынын окуяларына арналган пантеондун эскизин даярдоо боюнча ачык архитектуралык сынак жакында жарыяланат», - деди Алматы акими.