Казакстандын үчтүн айы окуяларынан кийинки инвестициялык абалы

Казакстандын үчтүн айы окуяларынан кийинки инвестициялык абалы

Казакстан инвесторлор үчүн абдан жагымдуу өлкө. Бирок, азыр инвестициялоого басым жасагандар бул ниеттерин убактылуу ооздукташат. Мындай пикирди Евразия өнүктүрүү банкынын адистери билдирди. Кошумчалай кетсек, аталган каржы мекемесинин адистери өлкөнүн тобокелдик үстөмдүгү көбөйгөнүн айтышууда. Өткөн жылы өлкө экономикасына чет элдик түз инвестициянын агымы үч миллиард доллардан ашкан. Евразия өнүктүрүү банкынын жалпы портфелиндеги Казакстандын үлүшү 36%дан ашык же төрт миллиард долларды түзөт. Эл аралык каржы уюмунун катышуусунда өлкөдө түрдүү тармактарда 88 ири долбоор ишке ашырылып, Казакстанга инвестициянын көлөмүн мындан ары көбөйтүү мерчемделип жатат.

Амангелди Исенов, Евразиялык өнүктүрүү банкынын башкарма төрагасынын орун басары:

- Казакстандагы дараметтүү инвестиция боюнча Евразия банкынын планы ошол эле бойдон калууда. Алар өзгөрбөйт. Албетте, президент айткандай, бирдин айынын башында өкмөттүн кеңейтилген жыйынында каралышын күтүп жатабыз. Ушунун негизинде гана кандайдыр бир түзөтүүлөр болушу мүмкүн. Бирок Өкмөт жана биздин акционер көздөгөн жолдон тайбай жатат. Биз долбоордун каражатын кайра карап чыккан жокпуз. Эгерде кайра карап чыга турган болсок, өсүшкө гана артыкчылык берилет.

Серепчилер Казакстандын экономикасы бизнеске келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана кырдаалды турукташтыруу үчүн 2022-жылдын алгачкы үч айында өсүшкө кайтып келерин белгилешти. Аналитиктер өлкөдө инфляциянын басаңдашын болжолдошууда. Бештин айына карата көрсөткүч Улуттук банктын максаттуу диапазонунун жогорку чегине чейин түшүшү мүмкүн. Бул болжол менен 4-6% түзөт. Буга былтыркы базалык баанын жогорулашы жана Өкмөт тарабынан көрүлгөн чаралар өбөлгө түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков