Казакстанда чет элдик инвестиция 50 пайызга артты

Казакстанда чет элдик инвестиция 50 пайызга артты

Казакстандын экономикасына өткөн жылдын 9 айында 18,7 миллиард доллар түз чет элдик инвестиция тартылган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 49 пайызга көп. Бардык аймактарда өсүш байкалат. Алсак, кайра иштетүү өнөр жайына инвестиция 53 пайызга, соода 60 пайызга, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагы 56 пайызга өскөн. Нидерланды 5,4 миллиард доллар менен өлкөнүн эң чоң инвестору болуп саналат. Андан кийин АКШ 3,1 миллиард, Швейцария 1,9, Кытай 1,5 миллиард доллар инвестиция салды. Орусия алдыңкы бештикке кирди. Коңшу өлкө Казакстандын рыногуна 1,3 миллиард доллар инвестиция салган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков