Ишкерлердин чыгымы 92 миллиард доллардан ашты

Ишкерлердин чыгымы 92 миллиард доллардан ашты

Өлкөдө бизнес объектилерине келтирилген зыян 92 миллиард теңгеден ашты. Улуттук ишкерлер палатасы баш аламандык жана талап-тоноочулук учурунда ата мекендик бизнеске келтирилген зыяндын жалпы суммасын эсептеп чыкты. Бул чыгымдар дагы деле көбөйүшү мүмкүн. Ишкерлер палатасынын маалыматы боюнча, өлкөнүн 10 облусунда миңден ашык жабыр тарткан ишканалар аныкталган. Алардын көбү Алматы шаарында. Ишкерлер палатасына чалуулар дагы эле болуп жатат. Арыздануучулар банктарга, ресторандарга жана дүкөндөргө кол салуу болгонун айтышууда. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Call-борборго 2300дөн ашык чалуу келип түшкөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков