Казакстанда 2030-жылга карата мунай өндүрүү 100 миллион тоннадан ашат

Казакстанда 2030-жылга карата мунай өндүрүү 100 миллион тоннадан ашат

Быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө мунай өндүрүүнүн көлөмү 85,7 миллион тоннага жетти. Ал эми анын экспорту 67,6 миллион тонна болот деп күтүлүүдө. Өкмөттүн жыйынында энергетика министри Магзум Мырзагалиев тармакты өнүктүрүү боюнча баяндама жасады. Анын айтымында, ички мунай өндүрүүнү мындан ары да көбөйтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Министр кошумчалагандай, 2030-жылга чейин анын көлөмүн 104,2 миллион тоннага жеткирүү көздөлүүдө. Комплекстүү план боюнча «Карачаганак» кенин казуу деңгээли узартылат. Бул багыттагы дагы бир долбоор Тенгиз кенинин кубаттуулугун дагы 12 миллион тоннага көбөйтүү каралган. Бул сыяктуу башка да ири демилгелер колго алынат.

Магзум Мырзагалиев, РКнын Энергетика министри:

- Үчүнчү долбоор – Кашаган кенинде газды кайра иштетүүчү заводдордун курулушу. Аталган өнөр жай жылына 3 миллиард кубометр товардык газды иштеп чыгарат жана мунай өндүрүүнү 16 миллион тоннадан 20 миллион тоннага чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Төртүнчүдөн, Каспий деңизиндеги Каспий жана Каламкас-Теңгиз кендерин иштетүү долбоору боюнча иштер башталды. Бул кен жайларында 2028-жылдан баштап жылына 4 миллион тонна мунай өндүрүү мерчемделген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков