Серепчи: 2022-жылы доллар кымбатташы мүмкүн

Серепчи: 2022-жылы доллар кымбатташы мүмкүн

Казакстанда 2022-жылы доллар кыйла кымбаттайт. Бул тууралуу экономисттер менен финансисттердин божомолун жарыялаган Курсив басылмасы жазып чыкты. Казакстандын Финансисттер ассоциациясы жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, келерки жылы доллар 445 теңгеге чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Ассоциация кийинки сурамжылоодо улуттук валютанын баасын кайра карап чыга турганын билдирди. Буга ковиддин жаңы штаммынын жайылышы жана Орусияга каршы санкциялардын тобокелчиликтердин азайышы таасир этет, дешет адистер. Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун адиси, экономист Вячеслав Додоновдун айтымында, АКШ валютасы 455-470 теңгеге чейин көтөрүлөт. Ал эми Евразия өнүктүрүү банкынын талдоочулары доллардын курсу 434 теңгенин тегерегинде болорун болжолдошууда. Валюта рыногунун болжолу келерки жылдагы мунайдын баасынын төмөндөшүн талдоого негизделген. Белгилей кетсек, кара алтындын баасы дүйнөлүк базарда азыртан эле арзандап баратат. Бул Omicron штаммынан улам айрым өлкөлөрдө эпидемиологиялык кырдаалдын курчушу менен шартталган. Натыйжада Brent мунайынын баасы 4% арзандап, 69 долларга чейин түштү. Буга кошумча, АКШнын мунай өндүрүшүн чектен тышкары ашырып жиберүүсү да рынокту алсыратты. Андыктан Bloomberg аналитиктери келерки аптада мунайдын баасы көтөрүлбөйт деп эсептешет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков