ЕАЭБ эркин соода аймагын кеңейтүүгө ниеттенүүдө

ЕАЭБ эркин соода аймагын кеңейтүүгө ниеттенүүдө

Евразиялык экономикалык биримдиги үчүнчү өлкөлөр менен эркин соода аймагын мындан ары да кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Азыркы тапта Вьетнам, Иран, Сербия жана Сингапур менен узак аралыктагы тоскоолдукту жоюу үчүн байланыштар түзүлдү. Эми Египет, Израиль жана Индия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Келечекте Индонезия менен Монголиянын рыноктору да изилденет. Эгер аталган өлкөлөрдүн баары менен соода келишими түзүлсө, болжол менен 2 миллиардга жакын калкы бар базарда эркин соода аймагы түзүлөт. Бул ички дүң өнүмдүн 5 триллион долларына барабар. Белгилей кетсек, Евразиялык экономикалык биримдигинин ИДӨсү учурда 750 миллиард доллардын тегерегинде. Ошол эле учурда, бул жылы биримдиктин үчүнчү өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 13 пайызга өсүп, 830 миллиард долларды түздү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков