Агроөнөр жай комплекси: Казакстанда 22 миллиард теңгеге 17 инвестициялык долбоор ишке ашырылат

Агроөнөр жай комплекси: Казакстанда 22 миллиард теңгеге 17 инвестициялык долбоор ишке ашырылат

Казакстандын агроөнөр жай комплексине инвестициянын рекорддук каражаты жумшалды. Быйылкы жылдын он бир айында тармакка 660 миллиард теңгеге жакын инвестиция тартылган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 40,5 пайызга көп. Аталган маанилүү тармактын дарамети тууралуу өкмөттүн жыйынында айыл чарба министри Ербол Карашукеев маалымат берди. Анын айтымында, Агроөнөр жай комплексин 2021-2025-жылдарга арналган өнүктүрүүнүн Жол картасынын алкагында 4 триллион 400 миллиард теңгеге инвестициялык долбоорлордун агымы иштелип чыкты. Каражаттын жарымына жакыны, башкача айтканда, 2 триллион теңгеси өлкөдө эт өндүрүүгө жана күнөсканаларды курууга жумшалат. Ошондой эле, бул сумма мал союучу пункттарды, репродуктор менен мал союу цехтерин жана эт комбинаттарын өнүктүрүүгө жумшалды. Сүт чарбасы боюнча айтсак, бул тармакка 452 миллиард теңгелик 186 долбоор инвестицияланат. Ошондой эле, жакынкы аралыкта 47 канаттуулар фабрикасын ачып, айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүү багытында ишке киргизүү мерчемделүүдө. Мындан тышкары, 5 жылдын ичинде кант менен камсыздоону 80%га жеткирүү көздөлүп жатат. Аны ишке ашырууга 228 миллиард теңге бөлүнөт.

Ербол Карашукеев, РКнын Айыл чарба министри:

- Бекитилген Жол карталарына ылайык, 2021-жылы 263 миллиард теңгеге мерчемделген 285 долбоордун ичинен үстүбүздөгү жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча 241 миллиард теңгеге 268 долбоор пайдаланууга берилди. Акимчиликтердин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин 22 миллиард теңгеге 17 долбоорду ишке ашыруу көздөлүп жатат. Ишке ашырылган долбоорлордун саны боюнча Түндүк Казакстан, Костанай, Чыгыш Казакстан, Акмола жана Караганды облустары алдыңкы орунда турат. Ошондой эле, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу деңгээли 2021-жылы болжол менен 94%ды түзөрүн белгилегим келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков