Казакстан криптобиржадан киреше таба алат

Казакстан криптобиржадан киреше таба алат

2022-жылы «Астана» Эл аралык каржы борборунун базасында пилоттук режимде криптобиржалар ишке киргизилет. Казакстандын блокчейн технологиялар ассоциациясынын маалыматы боюнча, криптовалюталарды сатып алуу жана сатуу аталган сайттар аркылуу ишке ашырылат. Учурда долбоордун акыркы этаптары такталып жатат. Серепчилер криптовалюталык биржалардын ишмердүүлүгүнө, ошондой эле, алардын казакстандык банктар жана жеке адамдар менен өз ара аракеттенүүсүнө байланыштуу мыйзамдардын үстүндө иштеп жатышат. Бардык операциялык жана юридикалык тобокелдиктер эске алынууга тийиш. Белгилей кетсек, санариптик активдер боюнча дүйнөлүк транзакциялардын жок дегенде 1 пайызы Астана эл аралык каржы борборунун базасында түзүлсө, Казакстан жыл сайын 72 миллиард доллар киреше табат.

Ал эми өлкө биткоинди өндүрүүдөн болжол менен 11 жарым миллиард доллар киреше ала алат. 2022-жылы майнерлер үчүн жогорулатылган электр энергиясы салыгы күчүнө кирет. Белгилей кетсек, өлкө биткоинди өндүрүү боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Эки жылдын ичинде эле фермалардын саны 50ге жетти. Бирок азыр майнерлер электр энергиясынын тартыштыгына дуушар болууда. Рыноктун негизги оюнчулары фермаларды жаап, башка өлкөлөргө көчүрүп кетүүдө.

Сапар Ахметов, Казакстан блокчейн технологиялары бирикмесинин башкарма төрагасы:

- Биз энергия менен камсыз кылууда айрым көйгөйлөр бар экенин көрүп жатабыз, бирок биз бул энергетикалык каатчылыкты чечүү үчүн биздин ассоциациянын мүчөлөрү, Энергетика министрлиги жана Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен иштешип жатабыз. Инвесторлорду тартып жатабыз, энергетика тармагындагы мыйзамдарды инвесторлор үчүн жеткиликтүү кылып өзгөрткүбүз келет.

Евгений Галиахметов, ОФ венчурдук инвестору:

- Казакстанда болуп жаткан нерселердин баары рыноктун калыптануу жараяны, жаңы бизнестин калыптанышы. Мунун баары эмнеге алып келет? Мунун баары убакыт маселеси. Азыр бир нерсе туура эмес деп айтууга болбойт. Ал убагы келгенде белгилүү болот. Кытайда кен иштетүүгө тыюу салынган. Мына ошондуктан майнерлердин бардыгы өлкөгө келип, ушул жерде иштей башташты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков