Казакстан аркылуу Кытайдан Европага жүк жеткирүүнүн көлөмү өстү

Казакстан аркылуу Кытайдан Европага жүк жеткирүүнүн көлөмү өстү

Акыркы он жылда Кытайдан Европага Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрү аркылуу контейнердик ташуулардын көлөмү жылына жети миңден алты жүз миң контейнерге чейин өстү. Евразия өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча, эң артыкчылыктуу багыттардын бири Казакстан аркылуу өтүүчү Түндүк-Түштүк эл аралык транспорт коридору болуп саналат. Адистердин эсеби боюнча, ал аркылуу жылына 5 миллион тоннага чейин дүңүнөн жүк жана 2 миң контейнер жүк ташылат. Он жылдын ичинде бул каттам 15-25 миллион тоннага чейин контейнерсиз жүктөрдү жана 300-600 миң контейнерди ташууга мүмкүнчүлүк берет. Бул көлөмдү Батыш-Чыгыш коридорунун учурдагы кыймылы менен салыштырууга болот. Түндүк-Түштүк транспорт коридорунун артыкчылыгы – Европа-Кытай/Кытай-Европа маршруту боюнча транзиттик убакыттын олуттуу кыскарышы жана темир жол контейнердик ташуулардын көбөйүшү болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков