Казакстанда суу ресурстарын башкаруу долбоору иштелип чыкты

Суунун дагы сурагы бар. Бул түгөнгүс байлык эмес. Өкмөттүн кезектеги жыйынында тиричилик булагын ысырап кылбоонун натыйжалуу жолдору каралды. Премьер-министр жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча атайын программа түзүлгөндүгүн билдирди.

АСКАР МАМИН, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

- Суу ресурстарын башкаруу боюнча мамлекеттик программанын долбоору иштелип чыкты. Документте суу инфраструктурасын куруу, модернизациялоо жана өркүндөтүү, сууну үнөмдөөчү ирригациялык технологияларды киргизүү, сууну эсептөө жана бөлүштүрүү иштерин санариптештирүү каралган. Бул иш-чараларды жүргүзүү суунун сарпталышын азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

Казакстанда суу керектөөнүн 65% айыл чарбасына туура келет. Ошондуктан документте суу тартыштыгын болтурбоо боюнча комплекстүү чараларды алгач суроо-талабы аз, нымдуулукту сүйгөн өсүмдүктөрдүн айдоо аянттарын кыскартуудан баштоо каралган.

МАГЗУМ МЫРЗАГАЛИЕВ, КАЗАКСТАНДЫН ЭКОЛОГИЯ, ГЕОЛОГИЯ ЖАНА ТАБИГЫЙ РЕСУРСТАР МИНИСТРИ:

- Кеминде 750 миң гектар жерге сууну үнөмдөгөн сугат технологияларын киргизүүнү улантуу керек. Бул орто эсеп менен 30% чейин же 2,2 куб километр сууну үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Үчүнчүдөн, 6000 чакырым сугат тармактарын реконструкциялоо жана 119 негизги магистралдык каналдарда санариптештирүүнү массалык түрдө киргизүүнүн эсебинен жылына 2 куб км суу үнөмдөлөт. Кийинки беш жылда бул муктаждыктарга республикалык бюджеттен жана эл аралык каржы уюмдарынан 192 миллиард теңге сарпталат.

Экология министри жакынкы 10 жылда сыйымдуулугу 3,6 куб чакырымга жеткен 39 жаңы суу сактагыч курула турганын билдирди. Бул 70 калктуу конуштун жашоочулары үчүн суу каптоо коркунучун азайтууга мүмкүндүк берет.