Казакстандын фонд рыногунда жеке инвесторлордун саны кескин көбөйдү

Казакстандын фонд рыногунда жеке инвесторлордун саны кескин көбөйдү

Казакстандын фонд биржасында жеке инвесторлордун саны өстү. Тогуздун айында борбордук депозиттерден 8 миңден ашык жеке адам эсеп-счёт ачышкан. Ал эми жыл башынан бери эсептесек 73,5 миңге жакындайт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 3 эсеге көп. Белгилей кетсек, жетинин айынын 15де KASE Global биржасында америкалык ири компаниялардын акциялары сатыла баштайт. Анда дүйнөгө белгилүү 27 компаниянын акциялары жеткиликтүү болот. Эл аралык рынокто суроо-талапка ээ, инвесторлорду кызыктырган баалуу кагаздар соодасы инвесторлордун санын көбөйтүүсү мүмкүн, дешет адистер.

Наталья Хорошевская, Казакстан фонд биржасы башкарма төрагасынын орун басары:

- Базарда инвесторлордун көп болгону жакшы. Алар биздин биржа мыйзамдуу иштеп жатканын көрүп, ишеним артса, анда ири компаниялар өз акцияларын соодалай башташат жана аталган базардан инвесторлорду издешет. Башкача айтканда, биржада активдүүлүк күчөйт. Жергиликтүү брокерлер тажрыйба алышат. Казакстандык компаниялар фондулук рынок аркылуу түрдүү инвесторлордон каражы тартууга мүмкүндүк алышат. Бул өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө түрткү берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков