2020-жылы өнөр жай картасынын алкагында 201 долбоор ишке кирди

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстанда регионалдык ишкердикти колдоо картасынын алкагында 200дөн ашуун долбоорлор ишке ашырылды. Аларды ишке ашырууга болжол менен 917 миллиард теңге бөлүнгөн. Бул тууралуу Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, агроөнөр жай комплексинде курулуш индустриясы жана курулуш материалдарын өндүрүү, энергетика, тамак-аш өнөр жайы, тоо-кен, химия, нефтехимия жана жыгач иштетүү, металлургия, унаа жасоо, фармацевтика жана башка экономиканын тармактары боюнча ишканалар ишке кирди. Маанилүү долбоорлордун катарында транспорт жабдыктары заводу, техникалык газдар өндүрүшү, ири блоктуу үйлөрдү куруу заводу, ошондой эле май өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү завод бар.