Демонополизациялоо аркылуу Казакстандын инвестициялык тартымдуулугун арттыруу

Демонополизациялоо аркылуу Казакстандын инвестициялык тартымдуулугун арттыруу

Монополиялардын жоктугу жана рынокто бирдей шарттарды түзүү. Мындай чаралар Казакстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат. Бул тууралуу Мажилисте республиканын Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү агенттигинин төрагасынын биринчи орун басары Рустам Ахметов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө базалык өндүрүштөрдүн монополиялык абалы сакталып турат. Бул отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана байланыш. Талкууланган мыйзам долбоору чек арадагы товардык рынокторго болгон товардык базарлардын монополиялык структурасынын таасирин азайтууга жана ресурстарга жетүүнү кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Документти иштеп чыгуучулар аталган маселелер боюнча Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө мамлекеттери серепчилеринин сунуштарын эске алганын белгилеп өтүштү.

Рустам Ахметов, Казакстандын УЭМ Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү комитетинин төрагасы

- Тектеш тармактардын инвестициялык жагымдуулугу рыноктун катышуучуларынын ресурстарга жетүүсүнөн көз каранды. Рынокту демонополизациялоо эффективдүү эмес ортомчуларды жоюуга, катышуучулардын чегин азайтууга багытталган. Жеткиликтүүлүк эрежелерин киргизүү менен мунай, көмүр, энергетика жана темир жол компанияларынын кошумча наркын төмөндөтөт. Бул Казакстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат жана өлкөгө жаңы инвесторлорду, өндүрүүчүлөрдү тартууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков