Казакстан ОПЕК+ келишими алкагында мунай өндүрүүнү арттырат

Казакстан ОПЕК+ келишими алкагында мунай өндүрүүнү арттырат

Казакстан ОПЕК+ келишиминин негизинде мунай өндүрүүнү көбөйтөт. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул тууралуу ОПЕК+ уюмуна кирген өлкөлөрдүн жыйынында айтылды. Башкармалыктын башчысы Казакстан өз милдеттемелерин аткарууга даяр экенин ырастап, өлкө жакынкы айларда өндүрүштү акырындык менен көбөйтүүгө макул экенин белгиледи. Айта кетсек, жолугушууда келишим тараптары чектөөлөрдү алып салгыча экспорттоочу өлкөлөрдө мунай өндүрүүнүн деңгээлин айына суткасына 400 миң баррелге жогорулатуу чечими кабыл алынды. Ошентип, тогуздун айында Казакстан үчүн квота 1,5 миллион баррелди түзөт жана ай сайын өндүрүш орточо эсеп менен суткасына 16 миң баррелге көбөйөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков