Казакстанда газды кайра иштетүүчү эки жаңы завод пайда болот

Казакстанда газды кайра иштетүүчү эки жаңы завод пайда болот

Казакстанда газды кайра иштетүүчү жаңы заводдор курулат. Алардын бири Атырау облусунда жайгашат. Бул ишкана жылына 1 млрд кубометр чийки затты иштетет жана 800 млн кубометр товардык газды өндүрөт.

Заводдун курулушун аяктоо 2023-жылдын IV кварталына белгиленген. Мындан тышкары, газды кайра иштетүүчү дагы бир жаңы заводду Мангыстау облусуна куруу мүмкүнчүлүгү каралууда. Мында инвестициялардын көлөмү 350 млн долларга жакын каражатты түзөт. Ишкана жылына 760 млн кубометр көлөмдөгү газ чыгарып турмакчы. Ал эми Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, республикада өндүрүлө турган газдын көлөмү 2024-жылы 62 млрд кубометрге жетет.

Которгон: Субанбек Исмакеев