Мунайдын дүйнөлүк баасы өсүп жатат

Мунайдын дүйнөлүк баасы өсүп жатат

Мунайдын баасы дүйнөлүк биржаларда өстү. Ошентип «кара алтындын» рыногу апта башындагы төмөндөөдөн кийин калыбына келе баштады. Brent маркасынын аяк оонадагы келишимдери бир жарым долларга өскөнүн Прайм агенттиги билдирет.

Биржада бир баррелдин баасы жетимиш үч жарым долларды түздү. Ал эми WTI фючерстери 71 доллардан жогору соодаланууда. Анын үстүнө бул АКШдагы коммерциялык мунай камынын өсүшү жөнүндөгү жаңылыкка жараша жүрүп жатат. Жума ичинде көлөм дароо эки миллион баррелден ашты. Талдоочулардын маалыматы боюнча, бул жолу инвесторлор америкалык Энергетика министрлигинин маалыматына көңүл бурбай, дүйнөлүк экономиканын тез калыбына келишине басым жасап жатышат.