Жердеги ысык аба ырайы турукташат

27.05.2022, 11:18

Азия аймагындагы аптаптуу ысык - климаттын өзгөрүшүнүн кесепети. Мындай тыянакка World Weather Attribution изилдөөчүлөр тобу келип жатат. Эске сала кетсек, акыркы айларда Индия менен Пакистанда абанын температурасы 50 градустан төмөн түшкөн эмес. Окумуштуулардын айтымында, мындай ысык толкундар келечекте туруктуу көрүнүшкө айланат. Андыктан буга даяр болуу керек. Экстремалдуу ысык аба ырайы үч жылда бир кайталанып турат. Андыктан дүйнө өлкөлөрү парник газдарын бөлүп чыгарууну азайтып, жаңы шарттарга ыңгайлашуусу керек дешет адистер.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков