Казакстандын күчтүү карате чебери Владимир Артюшин менен маек

Sports Nation берүүсүнүн жаңы санында казакстандык спорт жылдыздарынын жашоосундагы окуяларды айтып беребиз. Өлкөнүн күчтүү карате чебери Владимир Артюшин менен сүйлөшөбүз. Чыгарылышты йога боюнча Тамара Богдановадан мастер-класс аяктайт.

Кекушинкай каратэ боюнча дүйнө чемпиондугунда Казакстан курамасы 3 алтын медаль утуп, зор ийгилик жаратты. Алардын бири Владимир Артюшин мелдеште эң мыкты техникалык каратечи деп таанылды жана алтын байге менен сыйланды. Бүгүн Владимир спорттук карьерасына план түзүп жана балдарды машыктырууда. Азыр биз өлкөнүн эң таанымал спортчуларынын бирине жөнөйбүз.