Казакстандык мушкер Мейирим Нурсултанов менен маек

Sports Nation программасынын жаңы чыгарылышында борбор калаадагы жаңы жеңил атлетика комплексине барабыз. Өлкөбүздөгү белгилүү мушкерлеринин бири Мейирим Нурсултанов менен маектешебиз. Ошондой эле  жаа атуу ийримине барып, Казакстанда спорттун бул  түрү кандай өнүгүп жатканы тууралуу айтып беребиз.

Биздин чыгарылышыбыздын каарманы Мейирим Нурсултанов ышкыбооздор арасындагы боксто карьера жасай алган. 16 жашында Жаштар арасындагы Казакстан чемпиондугун жеңип алган, бир жылдан кийин азия биринчилигинде жеңишке жетишкен. Ал эми 19 жашка чыкканда чоңдор арасында Казакстан чемипонатынын коло медалын тагынган, андан эки жыл өткөндөн соң ал өзүнүн салмагында өлкөнүн абсолюттуу чемпиону болгон. Азыр Мейирим 27 жашта жана акыркы 4 жыл ичинде ал кесипкөйлөр арасында рингке чыгып, АКШда машыгып келе жатат.