Кесипкөй брейк-бийчи Кила Коля менен маек

Бүгүнкү программабызда киокушинкай каратэ боюнча дүйнө чемпионатына барабыз. Анан дагы, паралимпияда-сууда сүзүүчүлөрүнүн ачык машыгуусуна катышабыз. 

Планетанын эң мыкты брейк-бийчиси Кила Коля менен сүйлөшөбүз. Программабыздын уландысында дүйнөнүн эң белгилүү брейк-бийчилеринин бири Николай Черников менен атактуулук, бий мектеби жана олимпиадалык дымактар тууралуу маек күтүп турат. 

Казакстандык Николай Черниковдун жашоосу олимпиада-спортчуларынын жашоосунан анча деле айырмаланбайт. Бирок бир маанилүү өзгөчөлүк бар. Николай — кесипкөй брейк-дансер, дүйнөгө Кила Коля деген ат менен кеңири таанымал. Расмий түрдө ал дүйнөнүн эң мыкты бийчилеринин топ-16сына кирет. Жакында эле дүйнөлүк биринчиликтен кайтып келген, ал жактан эң күчтүү деген наамга бир гана кадам жетпей калган.