Легендардуу марафончу Марат Жаланбаев менен интервью

Бүгүнкү чыгарылышыбызда хоккейге барабыз. Борбордук “Барыс” сезонду Казахстан Президентинин кубогунан баштайт. Легендарлуу марафончу Марат Жыланбаев менен маек куруп, адам мүмкүнчүлүгүнүн чеги барбы, ошол тууралуу сөз кылабыз. Анан дагы, биз “Астана” балдар футбол академиясынын машыгуусунда болуп кайттык. Клубдун келечеги кен.

Чыгарылышыбыздын уландысында акылга сыйбаган рекорддор, балдар үйүнөн качуу жана дүйнөлүк атак тууралуу Марат Жаланбаев менен интервью.

Казахстанда, алар тууралуу тасма тартууга боло турган адамдардын саны аз эле. Алардын бири, легендардуу марафончу Марат Жыланбаев. Ал тууралуу чет өлкө жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкканда мен кичинекей бала элем. Бул адам, дүйнөнүн ири чөлүнөн чуркап өткөн дүйнөдөгү жалгыз адам. Анын ысымы Гинес рекорддор китебине жети ирет киргизилген.