COVID-19 менен бир жыл: ал кандай болду жана эмне түбөлүк өзгөрдү?

Бир жыл мурун адамзат жаңы коронавируска кабылган. Ал алып келген өзгөрүүлөр баардыгын камтыган жана глобалдык болуп чыкты. Ал биздин жашообуздун эң алсыз жактарын: жакырчылыкты, жумушсуздукту, медицинадагы жана билим берүүдөгү башаламандыкты, үй-бүлөдөгү зомбулукту жана гендердик теңсиздикти ачыкка чыгарды. Адамзат кандай сабактарды алды? Эмне үчүн азыр жакырларга жана аялдарга көңүл буруу керек? Эмдөө - кимдерге жеткиликтүү болот жана канчалык деңгээлде коопсуз? Эмне үчүн апельсин көптөр үчүн ушул жылдын жана куткарылуунун символу болуп калды? БУУнун Казакстандагы туруктуу координатору Микаела Фриберг-Стори айым Impactful берүүсүнүн жаңы чыгарылышында  глобалдык кесепеттер жана мүмкүн болгон чечимдери жөнүндө суроолорго жооп берет. COVID-19 Казакстан жана дүйнө жүзү боюнча божомолдор Ляззат Шатаеванын автордук долбоорунда.