COVID-19 жана карантин: Казакстанда аялдарга жана балдарга болгон зордук -зомбулук күч алды

Коронавирус эпидемиясы менен карантин үй-бүлөө мүчөлөрүнүн карым-катнашына тескери таасирин тийгизди. Турмуштук зордук-зомбулук көрсөткүчү, башка элдер менен катар, Казакстанда дагы артты.  Карантиндин кесепетинен айрыкча аялдар  менен  балдар  зардап чегишти.  Карантин эмне үчүн агрессияга жол ачты? Уруп, кол көтөргөн адамга кандай катуу талап коюлду?  Мемлекет менен коом жабырланучуга эмне жардам көрсөтөт? Ушул сыяктуу зомбулукка туш болсоңуз эмне кылуу керек? Коомдо мунун баарын эмнеге диний көз караш менен акташат? Эң маанилүү суроолорго "Немолчи" коомдук фондунун түзүүчүсү Дина Тансари Impactful берүүсүндө Ляззат Шатаеванын суроолоруна жооп берет.