COVID-19 тууралуу чындык жана жалган. Вирус улут аралык уюмдардын ич ара макулдашуусубу?

Таажы вирусу дүйнөнү өзгөрттү. Элдер эмнеге ишенерин билбей турган учур. Айрымдар илдетти чоң саясат маселелерин чечүү үчүн атайын жасалды десе, башкалары илдет такыр эле жок деген ишенимде. Беткап ооруну жугузуп албоого жардам береби? Эмне үчүн колду жууш керек? Казакстандын саламаттыкты сактоо министрлиги пневмонияны COVID статистикасына атайын киргизген эмеспи?
Ляззат Шатаева Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун казакстандык кеңсесинин башчысы Кэролайн Кларинвал жана ДСУнун техникалык серепчиси Виталий Стецик менен бардык суроолорго жооп берет. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрүнөн сураганга  болбой турган нерселерди сурайт. Эң маанилүүлөр туралуу IMPACTFUL программасында.