Казакстан-Кытай карым-катнашынын келечеги кандай?

Казакстан Тышкы иштер министрлигинде жакында эле Кытайдын элчиси Чжан Сяо менен жолугушуу болуп өттү. Анын жүрүшүндө казакстан тарап sohu.com сайтында жарыяланган макалага карата өзүнүн каршылыгын билдирди. «Эмне себептен Казакстан Кытайга кайтып барууну каалайт» деген аталыштагы макала коомдук сын-пикирди жараткан. Анткени бул эки өлкөнүн түбөлүктүү ара тараптуу стратегиялык өнөктөштүк   келишимине  каршы келет.

Казакстан менен Кытай мамилелерин талкуулоо үчүн Нью-Йорктон Уэйд Шепардка байланышка чыктык . Уэйд - журналист, жазуучу, документалдык тасмалардын режиссеру. «Кытайдын элес шаарлары» жана «Жаңы Жибек жолунда» китептеринин автору. Ал  Евразия жана  «Алкак жана жол» кытай демилгеси катары белгилүү болгон жаңы жибек жолунун транспорттук коридорлору боюнча көп саякаттаган.