Коронавирус эл аралык соодага сокку урду. Дүйнөлүк Соода Уюму эмнени болжолдойт?

Коронавирус бүткүл дүйнөнү будуң-чаң түшүрдү. Ал миллиондогон адамдардын көнүмүш жашоосун өзгөрттү. Анын мурда болуп көрбөгөн мүнөзүн эске алганда, коронавирус кризисинин экономикалык кесепетин баалоо татаал. Эң биринчилерден болуп эл аралык соода токтоду. Дүйнөлүк соода уюмунун экономисттери, дүйнөлүк экономиканы 2008-2009-жылдардагы финансылык кризистен оор боло турган рецессия күтүп турат деп эсептешет. Эл аралык соода канчалык тез калыбына келет жана өкмөт өлкөлөрү кризиске кандай натыйжалуу таасир көрсөтүшөт? Женевадан Дүйнөлүк соода уюмунун маалымат жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Кит Роквелл ушул суроолорго IMPACTFUL программасында Ляззат Шатаевага жооп берет.