Сауле Жанпеисова: А.Затаевичтин «Казак калкынын 1000 ыры» топтомунан 700дөй ыры ырдалбайт

Анын өмүрү искусство менен тыгыз ширелишкен. Бала кезинен музыкага кызыгуусунан улам, ал 1983-жылы эстрада студиясына тапшырат жана ал жакта Гарифулла Курмангалиевдин кол алдында билим алат. Улуу устаттын акыркы бүтүрүүчүлөрүнүн бири болуу менен «Казконцертте» эмгектене баштайт. Сауле Жанпеисова Жамбыл облусунун кулуну болгонуна карабастан, анын репертуары батыш мектебинин ырларынан турат.

2016-жылы алгач Алматыда, кийин борбор калаада Сауле Жанпеисованын искусство борборлору ачылган. Бул жерде жаштар музыкалык билим алып келишет: элдик ырларды үйрөнүшүп, домбрада кол ойнотуу искусствосун өздөштүрүшөт, жыл сайын кароо-сынактарга катышып алган билимдерин элге тартуулашат. Ошентип, Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген ишмери Сауле Жанпеисова балдарды искусствого тарбиялап келет.

Сауле Жанпеисова казак улуттук ырларын укмуштуу жана өзгөчө аткарат. Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, ал улуттук искусствону сактап калуу жана таанытууга баа жеткис салымын гана кошпостон, жаштарга бабалардын чыгармачылык мурасынын атагын арттырууга окутуп келет.