Серикбай Оспанов: Казактарда ыр окуу, же көркөмдөп окуу деген болгон эмес

Серикбай Оспановдун казак поэзиясында өзгөчө орду бар: «Алаш» эл аралык адабият сыйлыгынын лауреаты, кырктан ашык китептин, анын ичинде отуз ыр жыйнагынын автору. Ал улуу агартуучу Ыбырай Алтынсариндин өмүр жолун жана андан калган мурасты изилдөөгө көп жылдарын жумшаган. Анын үстүнө Серикбай Оспанов жыгач иштетүү ыкмаларын мыкты билген кол өнөрчү. Анын айтымында, «Кол өнөрчүлүк менен поэзия анын эки канаты» болуп саналат.