Казакстандын эл акыны Асия Беркенова менен маек

Асия Беркенова – төкмө-акын, Казакстандын эл акыны, жоголуп кетүү алдында турган бабалар өнөрүн сактап калууга маанилүү салымын кошуп келет. Асия Беркенованын таланты калк арасында сүйүктүү болгон төкмө акындардын ыр-поэтикалык таймашы жанрын жандандыруучулардын ичинде өзгөчө орунду ээлейт. Биздин бүгүнкү программабызда Костанайдан келген айтыш чебери менен маектешмекчибиз.

1984-жылы Кенен Азирбаевдин 100 жылдыгынын урматына арналып Алматыда өткөрүлгөн айтыш учурунда Асия Беркенова көрүүчүлөрдүн урматына арзыган. Ошол мезгилден тартып, казак улуттук искусствосунун сүйүктүү жанрын жаратуу менен көрүүчүлөрдү дагы көп ирет суктандырган. 1990-жылы айтышты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Казакстан Эл артисти» наамын алган.

Асия Беркенова көптөгөн жылдар аралыгында Костанай областынын Наурызым районунунда мугалим болуп эмгектенген. Ал мектепте орус тили жана адабияты сабагынан мугалим. Туубаса талант ээси, ал анысын көптөгөн чоң аянттарда далилдеп, азыркыга чейин жаштарды искусствого окутуп келет.