Роза Муканова: Мени арбап келе жаткан бир темаларым бар...

Роза Муканова жазуучу жана драматург, Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, Франц Кафка атындагы эл аралык сыйлыктын ээси. Ал «Азазил жүздүү периште», «Сарра» жана  «Кол чатыр алдында - Мен»  аттуу атактуу чыгармалары менен белгилүү.

Казак улуттук искусство университетинин профессору Роза Муканова окутуучулук ишмердүүлүктү чыгармачылык менен айкалыштырып келет. Бул жаатта ал зор талантка ээ экени талашсыз. Жазуучу өзүнүн чыгармаларында казак аялдарынын жан дүйнөсүнүн сулуулугун ачып берүү менен адамдардын тагдыры тууралуу баяндайт.

«Эч ким күнөөлүү эмес». Розы Муканованын бул драмасы 2017 -жылы мамалекеттик грантты жеңип алган. Чыгарманын премьерасы Сакен Сейфуллин атындагы Караганда облустук театрында болгон. Ошол эле учурда «Сарра» спектакли Нур-Султан шаарындагы Калибек Куанышбаев атындагы  Казак музыкалык-драма театрында коюлган.