III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи. Толук версиясы

Жалпы командалык эсепте Кыргыз Республикасынын курама командасы лидерликти кармап турат. Команданын эсебинде 100 медаль – 40 алтын, 30 күмүш жана 30 коло бар.

Таблицанын  экинчи сабында 69 медалы – 16 алтын, 24 күмүш жана 29 коло менен Казакстан курама командасы жайгашты. Россия командасы 3-орунда. Команданын 52 медалы бар, алардын 16сы алтын, 11и күмүш жана 25и коло.

Төртүнчү орунда Түркмөнстан командасы турат (27 медаль – 10 алтын, 5 күмүш, 12 коло). Бешинчи орунду 33 медалы менен Өзбекстан командасы ээледи, алардын 7си алтын, 8и күмүш жана 18и коло.