Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курман болгон казак жоокеринин сөөгү мекенине кайтарылды

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курман болгон казак жоокеринин сөөгү мекенине кайтарылды

Орусиянын изилдөөчүлөрү Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курман болгон казак жоокеринин сөөгүн өткөрүп беришти. Иш-чара эки өлкөнүн чек арасында өттү.

Казак жоокери Емберген Асаиновдун сөөгү Кызылорда облусуна - жоокердин мекенине алынып келинди. «Майдан жолу» издөө отряды каза болгон Кызыл Армиянын жоокери жөнүндө бардык маалыматтарды топтоого жетишти. Бирок өтө аз өлчөмдө. Анын себеби жумушка орношкондугу жана кызмат көрсөткөндүгү тууралуу архивдик маалыматтардын жоктугу. Болжолдуу түрдө казакстандык жоокер Ленинград үчүн салгылашта курман болгон.

Александр Шитов, «Майдан жолу» издөө отрядынын командири:

- Биз Кызылорда облусунун Арал районунан туугандарын таптык. Өз небереси тирүү. Алар абдан кубанышты. Анткени биз пандемияга байланыштуу сөөктү көпкө чейин үйүнө жеткире алган жокпуз. 1900-жылы туулган. 327-жөө аскерлер дивизиясында кызмат өтөгөн. Бул дивизиянын алдында Синявинский бийиктиктерин бошотуу милдети турган. Алар бир нече жолу операцияларга катышып, 1944-жылы гана максаттарына жеткен. Бирок, тилекке каршы, Асаинов Емберген ага жетпей көз жумган. Ал 1943-жылдын баш оона айында каза болгон.

Которгон: Илгиз Жамалбеков