Казакстанда Абай окуулары башталды

Казакстанда Абай окуулары башталды

Окурмандардын таймашы. Казакстанда салтка айланган Абай окуулары башталды. Быйыл ал баш оона айынын 3нө чейин уланат. Учурда сынакка катышуучулардын саны көп болгондуктан уюштуруучулар анын географиясын кеңейтүүнү мерчемдешүүдө.

Буга онлайн формат жардам бермекчи. Мурдагыдай эле катышуучуларга автордун кайсы гана чыгармасы болбосун көркөм окуп, видеого тартуу талабы коюлат. Катышуучулар былтыркыдай эле өз эмгектерин китепкананын расмий баракчасына эле эмес, ар кандай социалдык тармактарга дагы тиешелүү хештегдер менен бөлүшө алат. Окурмандардын жашы да өзгөргөндүктөн, уюштуруучулар эми сынакка чоңдор да катышат деген ишенимде.

Эскерте кетсек, адабий эстафета ушуну менен бешинчи ирет өткөрүлүп жатат. Ал казак элинин улуу ойчулу Абай Кунанбай уулунун чыгармачылыгына арналган. Баш байге катары акындын 175 жылдыгына карата чыгарылган китеп жана кошумча баалуу сыйлыктар берилет.

Ботагоз Каипова, Эл башы китепканасы мүдүрүнүн орун басары:

- Негизги натыйжа - бул Абай окууларына ата мекендик жана чет элдик билүүчүлөрдүн гана катышуусу эмес, ошол эле учурда, биз үчүн Абайдын чыгармачылыгына катышуубузду китеп аркылуу жүзөгө ашыруу маанилүү болуп саналат. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен 200дөн ашуун катышуучу финалга өткөн. Алардын ар бири салт боюнча презентация, проза жана ырларды казак, англис тилдеринде окуу ыкмасы менен Улуу Абайдын чыгармачылыгы канчалык кызыктуу экендигин жеткире алышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков