Казакстан Элдеринин Ассамблеясы алдындагы Энелер кеңешинин жыйыны өттү

Казакстан Элдеринин Ассамблеясы алдындагы Энелер кеңешинин жыйыны өттү

Үй-бүлө институтун жана энелердин коомдогу ролун чыңдоо. Бул маселелер борбор калаада өткөн Казакстан Элдери Ассамблеясынын алдындагы Энелер кеңешинин жыйынында каралды. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Ассамблеянын төрага орун басары Марат Азилханов келечекте кеңештин иши күчөтүлүп, аймактардан өкүлдөр тартылаарын билдирди. Аялдардын укуктарын коргоо, балдарды тарбиялоо, үй-бүлөнү өнүктүрүү маселелерин чечүүгө энелер жигердүү катышмакчы. Белгилей кетсек, Казакстан Элдери Ассамблеясынын алдында түзүлгөн Энелер кеңеши 2014-жылдан бери иштеп келет.

Марат Азилханов, Казакстан элдери Ассамблеясынын төрага орун басары:

- Бүгүн биз Республикалык Энелер Кеңешин түзүү жана коомдук маселелерди чечүүдө бардык энелер кеңештеринин ишин бир багытка буруу боюнча эки күндүк семинардын жүрүшүндө жолугушуп жатабыз. Жалпысынан биздин коомдо эненин, үй-бүлөнүн ролу өтө жогору. Ошондуктан жалпы чечимдерди кабыл алууда энелерибиздин көбүрөөк катышуусун каалайбыз. Коомчулуктагы эрте никеге туруу, никесиз төрөлгөн балдар, алимент төлөбөө, күнүмдүк турмуштагы зордук-зомбулук сыяктуу социалдык маселелерди чечүүгө жигердүү түрдө катыштыргыбыз келет. Ошондуктан биз Энелер Кеңеши ушундай долбоорлорго активдүү катышса дейбиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков